"Эркин-Тоо"

Садыр Жапаров Бакудагы СПЕКА саммитинде сөз сүйлөдү

Президент Садыр Жапаров бүгүн Баку шаарында БУУнун Борбордук Азия экономикалары үчүн Атайын программасынын (СПЕКА) мамлекет башчыларынын саммитинде сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө төмөнкүлөрдү белгиледи:

“Урматтуу Ильхам Гейдарович,

Урматтуу делегация башчылары,

Кымбаттуу айымдар жана мырзалар,

Алгач, азербайжан тарапка салттуу меймандостугу, Бириккен Улуттар Уюмунун Борбордук Азиянын экономикалары үчүн атайын программасына активдүү жана ийгиликтүү төрагалык кылгандыгы жана биздин юбилейлик саммитти мыкты уюштургандыгы үчүн терең ыраазычылык билдирем.

СПЕКА программасы 1998-жылы түзүлгөндөн бери биздин өлкөлөр туруктуу өнүгүү жана дүйнөлүк экономикага интеграциялоо жолунда олуттуу ийгиликтерге жетишти.

Бүгүнкү күндө Борбордук Азия аймагынын мезгил өткөн сайын дүйнөдөгү стратегиялык мааниси жогорулоодо десем жаңылышпайм.

Биз транзиттик каттамдарды, соода алмашууну өнүктүрүү жана экономикалык өсүштү камсыздоо үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачкан уникалдуу геосаясий позициядабыз.

Өткөн жылдар аралыгында СПЕКА программасы экономикалык туруктуулукту чыңдоого, инфраструктураны өнүктүрүүгө, билим берүүнү жана саламаттыкты сактоону колдоого, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө жана Борбор Азияда жакырчылыкты азайтууга олуттуу салым кошту.

Урматтуу саммиттин катышуучулары,

Климаттык өзгөрүүлөргө жана татаал геосаясий кырдаалга байланыштуу, COVID-19 пандемиясынан кийин кризистен чыга баштаган дүйнөлүк экономика бүгүнкү күндө жаңы чакырыктарга жана тобокелдиктерге туш болууда.

Дүйнөлүк экономикалык системаны масштабдуу трансформациялоо учурунда биздин өлкөлөрдүн ички дарамети экономикалык активдүүлүктү кайра калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк берсе, заманбап чакырыктар көз алдыбызда жаңы перспективаларды ачып жаткандыгын белгилеп кетким келет.

Бүгүнкү күндө, эл аралык сооданы, транзиттик ташууларды илгерилетүү, инфраструктураны өнүктүрүү, санариптик технологияларды киргизүү жана аймактык интеграция аркылуу экономикалык кызматташтыкты активдештирүү үчүн болгон өбөлгөлөр бар экендиги тууралуу айта алабыз.

Биз кызматташтыкты кеңейтүүдө жана коңшу өлкөлөр жана региондор менен болгон байланыштарды бекемдөөдө перспективаларды көрүп жатабыз. Албетте, бул биздин рынокторду көбөйтүүгө, билим жана тажрыйба алмашууну жакшыртууга, ошондой эле өнүгүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө жардам берет.

Эл аралык транспорттук коридорлорду диверсификациялоонун зарылдыгы Кыргыз Республикасы үчүн актуалдуу бойдон калууда.

Бул бир же бир нече транзиттик каттамдардан көз карандылыкты азайтууга мүмкүндүк берет жана экономикалык туруктуулукту, коопсуздукту жакшыртуу үчүн шарттарды түзүү менен бирге, жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташуудагы тобокелдиктерди азайтат.

Бул контекстте биздин өлкө, региондун башка коңшу өлкөлөрү үчүн «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруунун стратегиялык долбоору өзгөчө мааниге ээ. Бул мега-долбоорду кыска жол менен ишке ашыруу биздин аймакты транспорттук туңгуюктан алып чыгат, болжол менен 4 миллиард адамды бириктирет, Азиядан Түркия аркылуу Европага, Жакынкы Чыгыш аймагына, Иранга, Перс булуңундагы өлкөлөргө жана Түндүк Африкага ташуулардын географиясын кеңейтет.

Мындан тышкары, биз Кыргызстан – Өзбекстан – Түркмөнстан – Иран – Түркия каттамы менен андан ары Европа өлкөлөрүнө, ошондой эле Кыргызстан – Өзбекстан – Түркмөнстан – Иран каттамы боюнча Сауд Аравиясына жүктөрдү ташууну уюштуруу иштерин жүргүзүп жатабыз.

Биз Түштүк Транскаспий коридорун Кыргызстандан жана Кытайдан Европа өлкөлөрүнө, Грузияга, Азербайжанга автомобиль жана темир жол аркылуу жүк ташуу үчүн пайдаланууга ниеттенип жатабыз.

Региондогу өлкөлөрдүн ар биринин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен, СПЕКА тарабынан укуктук режимдерди шайкеш келтирүү жолу менен, анын ичинде бул үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, мультимодалдык транспорттук ташуулардын көлөмүн көбөйтүүгө дем берүү маанилүү.

Урматтуу айымдар жана мырзалар,

Кыргыз Республикасы деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок, тоолуу өлкө катары Борбордук Азия регионунда климаттын өзгөрүшүнө катуу дуушар болууда.

Тянь-Шандагы кылымдарды карыткан мөңгүлөрүбүз жыл өткөн сайын эрип, жок болуп баратат.

Биз барган сайын калк жана айыл чарбасы үчүн суунун жетишсиздигине байланыштуу олуттуу көйгөйлөрдү сезип жатабыз, гидроэнергетика сектору кыйынчылыктарды баштан кечирип жатат, аба ырайы-климаттык шарттар жайкы жана кышкы мезгилде жылдык орточо температуранын жогорулашына карай өзгөрүп жатат.

Кыргызстан суу-энергетикалык ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу жана энергияны үнөмдөөнү өнүктүрүү боюнча жигердүү иш алып барууда.

Бизде аймактын суу ресурстарынын дээрлик жарымы бар жана гидроэнергетикалык потенциалыбыз жылына 142 миллиард 500 миллион киловатт саатка бааланса да, биз бул потенциалдын 13% гана колдонуп жатабыз.

Дүйнөлүк банктын баалоолоруна ылайык, суу ресурстарын натыйжалуу башкаруу үчүн гидрологиялык циклди талдоо жана болжолдоо, заманбап жана санариптик технологияларды жана сууну үнөмдөө системаларын киргизүү, энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү өтө маанилүү.

Бүгүн биз баарыбыз «жашыл экономикага» өтүү, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу, суу жана жаратылыш ресурстарын туруктуу пайдалануу глобалдык тенденциялар менен гана эмес, ошондой эле турмуштук зарылчылык менен шартталганын түшүнүп турабыз.

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Гутерриш мырза айткандай «Жашыл экономика – бул келечектин экономикасы».

«Жашыл» максаттарга жетүү үчүн биздин өлкө энергиянын кайра жаралуучу булактарына өтүү боюнча конкреттүү чараларды ишке ашырууну пландаштырууда.

Кыргызстанда ондогон чакан ГЭСтердин курулушу башталды.

Ошондой эле кубаттуулугу 1860 мегаватт болгон Камбар-Ата-1 ГЭСин Өзбекстан жана Казакстан менен биргеликте куруу боюнча макулдашууга жетишилди.

Бул ири энергетикалык долбоорду ишке ашыруу үч мамлекетте тең энергетикалык туруктуулукту камсыз кылат.

Мындай келечектүү долбоорлорду ишке ашыруу Кыргызстанды гана эмес, энергетикалык коопсуздукту бекемдөө жана энергия менен камсыздоо, суу менен камсыздоо жана ирригация системасынын туруктуулугуна жардам берүү аркылуу аймактын башка өлкөлөрүн дагы экологиялык таза электр энергиясы менен камсыз кылат деп ишенебиз.

Урматтуу саммиттин катышуучулары,

Тоо экосистемаларын жана мөңгүлөрдү натыйжалуу сактоо максатында 2022-жылы Кыргыз Республикасынын жана Италиянын демилгеси менен Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын «Тоону туруктуу өнүктүрүү» резолюциясы бир добуштан кабыл алынган. Бул документ 2023-2027-жылдарды тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы деп жарыялады.

Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл-чарба уюмунун Тоо өнөктөштүгүнүн, Бириккен Улуттар Уюмунун агенттиктеринин жана башка эл аралык уюмдардын колдоосу менен глобалдык иш-аракеттер планы иштелип чыкты.

Бул План тоолуу өлкөлөрдүн көйгөйлөрүнө жана аларды чечүүгө көңүл буруу боюнча тоолуу өлкөлөрдүн, эл аралык уюмдардын жана Бириккен Улуттар Уюмунун институттарынын тыгыз өз ара аракеттенүүсүнүн жаңы форматы болуп калышы мүмкүн.

Климаттын өзгөрүшүнүн, суу ресурстарынын кыскарышынын жана чабалдыгынын шартында, ошондой эле тынчтыкты, туруктуулукту жана регионду өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында Кыргызстандын тоолуу региондорун туруктуу өнүктүрүү жана Борбордук Азиянын суу ресурстарынын түзүлүү зонасын коргоо боюнча аракеттерин колдоого чакырабыз.”.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!