"Эркин-Тоо"

Садыр Жапаров Баткен облусунун социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу боюнча маалымат алды

Президент Садыр Жапаров Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев жана Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевди  кабыл алып, «Баткен облусунун статусу жөнүндө» Мыйзамынын алкагында аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат алды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев маалымдагандай, Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык, 62 преференциялык чек арага чектеш калктуу конуштардын тизмеси бекитилди жана  аларды төмөнкү салыктардан бошотуу аныкталды:

— киреше салыгынын ставкасы 10% дан 5% га чейин төмөндөтүү;

— пайда салыгынан толук бошотуу;

— сатуудан алынуучу салыктан бошотуу.

Мындан сырткары, тийиштүү мыйзамдык өзгөртүүлөргө ылайык, Баткен облусуна 1 миллион АКШ доллар өлчөмүндө инвестицияаларга (КР башка аймактарда 3 миллион АКШ доллардан кем эмес), Баткен облусу үчүн тоо-кен тармагына 10 млн АКШ доллар инвестицияларга (КР калган аймактарда 20 млн АКШ доллардан кем эмес) мамлекеттик кепилдиктер берилет.

Аны менен бирге, мамлекет тарабынан инвесторлорго келтирилген зыяндын ордун толтурууга милдеттенет.

Ошондой эле, Баткен облусунда калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды жеңилдетилген негизде көрсөтүүнүн өзгөчө режими киргизилди.

«Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан көрсөтүлгөн кызматтардан: ооруканаларда 50% арзандатуу менен дарылоо, 50% арзандатуу менен лабараториялык изилдөөлөр кыскарган, Ички иштер министрлиги тарабынан соттолбогондугу тууралуу маалымкаттарды акысыз берүү каралды. Бардыгы болуп 7 мамлекеттик кызматтарга жеңилдетүүлөр көрсөтүлөт. Бул чечимди ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен 25,0 млн сом каралат», — деп билдирди Арзыбек Кожошев.

Министрлер Кабинети тарабынан Баткен облусундагы чек арага чектеш 62 айылдын туруктуу жашоочулары үчүн пенсияларды 2000 сомго жогорулатуу, жөлөкпулдарды эки эсеге жогорулатуу, аталган 62 айылда   үй-бүлөгө электроэнергияны 50% жеңилдик менен берүү, социалдык тармактын кызматкерлерине — дарыгерлер, мугалимдер, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин эмгек акысын кошумча көбөйтүү сунушталды.

Президент Садыр Жапаров айтылган сунуштарды колдоого алды. Мамлекет башчысы кыска убакыт аралыгында тийиштүү нормативдик-укуктук процедураларды соңуна чыгарып, аталган сунуштарды  2022-жылдын 1-мартынан тартып ишке ашырууну тапшырды.

Эске салсак, Президент Садыр Жапаров 2021-жылдын 10-сентябрында «Баткен облусунун статусу жөнүндө» Мыйзамга кол койгон.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!