Президенттин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, бүгүн, 6-майда президент Садыр Жапаров иш сапары менен Баткен облусуна келди.
Алдын ала маалыматтар боюнча, ал чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги акыркы окуяларда жабыркаган айылдарга барып, жеринен таанышып, жергиликтүү тургундар менен жолугушууларды өткөрөт.