Президент Садыр Жапаров 19-сентябрда Нью-Йорк шаарында (АКШ) «Борбор Азия жана АКШ» мамлекет башчыларынын биринчи Саммитинин ишине катышты.
Ага Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Джо Байден жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери: Казакстан — Касым-Жомарт Токаев, Тажикстан — Эмомали Рахмон, Түркмөнстан — Сердар Бердымухамедов, Өзбекстан — Шавкат Мирзиёев катышты.
Саммитти АКШ Президенти Джо Байден ачып, андан соң Борбор Азиянын бардык мамлекет башчылары сөз сүйлөштү.
Президент Садыр Жапаров Си5+1 форматында кызматташуу — өлкөнүн тышкы саясатынын маанилүү багыттарынын бири болуп саналарын, бул жолугушуу Борбор Азия мамлекеттеринин АКШ менен өз ара пайдалуу кызматташтыгын мындан ары арттырууга маанилүү түрткү берет, деген ишенимин билдирди.