Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Европа Биримдиги — Борбордук Азия» биринчи экономикалык форумунун алкагында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн делегация башчылары жана Еврокомиссиянын вице-президенти Валдис Домбровскис менен жолугушту.
Жолугушууда Садыр Жапаров биринчи экономикалык форум борборазиялык жана европалык өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүү үчүн дагы бир диалогдук платформа болуп калганын белгиледи.
«Форум өз ишин ушул жылы, Борбордук Азиянын бардык өлкөлөрү эгемендүүлүгүнүн отуз жылдыгын белгилеген учурда баштаганы символикалуу. Европа Биримдиги биздин баарыбыз менен активдүү кызматташып, демократиялык жана рыноктук реформаларды өткөрүүгө колдоо көрсөтүп атты», — деди ал.
Президент Садыр Жапаров форум өкмөттөрдүн, жеке сектордун, эл аралык институттардын коммуникациясынын натыйжалуу форматы болоруна жана соода, инвестициялык, инновациялык жана башка чөйрөлөрдө ар тараптуу өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө көмөктөшөөрүнө ишеним артты.
Ал форумдун ачылышында Борбордук Азия менен Европа Биримдигинин кызматташтыгынын үч чөйрөсүн белгилегенин эске салды. Мамлекет башчысы дагы бир чөйрөнү карап көрүүнү сунуштап, дүйнөлүк стандарттардагы сапаттуу жана арзан билим берүүгө жеткиликтүүлүктү түзүү аркылуу адамдык потенциалды бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн билдирди.
Мамлекет башчысы мындан тышкары регионалдык коопсуздук маселесине токтолду.
«Афганстандагы кырдаал учурда регионду эле эмес, жалпы дүйнөнү тынчсыздандырууда. Айрым эл аралык түзүмдөр тарабынан Афганстанда гуманитардык кырдаал начарлаары божомолдонууда. Бул оор мезгилде афган эли биздин жардамга муктаж», — деп белгиледи Президент.
Өз кезегинде Европакомиссиянын вице-президенти Валдис Домбровскис бул форум Борбордук Азия жана Евробиримдиктин ортосундагы байланыштарды бекемдөөдө маанилүү этап экенин билдирип, ал Евробиримдик эки регион ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин кошумчалады.
Казакстан Республикасынын Премьер-министри Аскар Мамин экономикалык форум региондун мүмкүнчүлүктөрүн белгилөө үчүн жакшы натыйжа көрсөтөрү айтты.
Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов форум жогорку деңгээлде уюшулганын белгиледи. Анын пикиринде, форум Борбордук Азия өлкөлөрү жана Европа Биридимиги менен бизнестин кызматташуусу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берет.
Тажикстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Усмонали Усмонзода Борбордук Азия Европа Биримдигинин колдоосуна муктаж экенин билдирди.
Түркмөнстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Чары Гылыджов экономикалык форум регион менен да, евробиримдик менен да кызматташтыкка жаңы дем берерине ишеним артаарын белгиледи.