Президент Садыр Жапаров, 6-ноябрда Америка Кошмо Штаттарына болгон иш сапарынын алкагында АКШнын Президенти Дональд Трамп менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы өнөктөштүктү чыңдоо жана аны жаңы багыттарда өнүктүрүү жолдорун талкуулашты. Маектин жүрүшүндө саясат, финтех, санарип экономика жана жасалма интеллект тармактарындагы өз ара аракеттенүү өзгөчө көңүл чордонунда болду.
Мамлекет башчысы белгилегендей, Кыргызстан мунай жана газ сыяктуу ири жаратылыш ресурстарына ээ эмес, бирок өлкөнүн негизги байлыгы — билимдүү жана технологияга жакын жаш муун. Ал жаштардын көбү IT жана санарип технологиялар чөйрөсүн активдүү өздөштүрүп жатканын баса белгиледи.
Садыр Жапаров каржы технологиялары жаатындагы кызматташтыкты да талкуулап, АКШда кабыл алынган Genius Act мыйзамын — стейблкоиндерди жөнгө салуучу дүйнөдөгү алдыңкы жана прогрессивдүү мыйзамдардын бири катары атап өттү. Президент ошондой эле Кыргызстанда санариптик каржы инструменттерин киргизүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар, анын ичинде улуттук стейблкоин KGST жана мамлекеттик крипторезерв түзүү демилгеси тууралуу маалымат берди.
Өз кезегинде Дональд Трамп Садыр Жапаровду жылуу тосуп алып, эки өлкө ортосундагы мамилелердин ырааттуу өнүгүп жатканын белгиледи. Ал жогорку деңгээлдеги конструктивдүү диалог эки мамлекеттин элинин туруктуу өнүгүүсүн, коопсуздугун жана бакубаттуулугун камсыздоого багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга өбөлгө болоруна ишеним билдирди.

