"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Садыр Жапаров ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларын кабыл алды

15-августта Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышкан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларын жана Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын төрагасын кабыл алды.

Иш-чарага Кыргызстан Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Армения вице-премьер-министри Мгер Григорян, Беларусь Премьер-министри Александр Турчин, Казакстан Премьер-министри Олжас Бектенов, Россия Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, ЕЭК Коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев, ошондой эле Өзбекстан Премьер-министри Абдулла Арипов жана Иран Ислам Республикасынын биринчи вице-президенти Мохаммад Реза Ареф (ардактуу конок катары) катышты.

Жолугушууда интеграциялык кызматташтыкты күчөтүү, биргелешкен кооперациялык долбоорлорду көбөйтүү жана өнөктөш өлкөлөр менен ишти активдештирүү маселелери талкууланды.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан үчүн ЕАЭБ – тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн артыкчылыктуу багыты экенин белгилеп, мүчөлүктүн 10 жылындагы негизги көрсөткүчтөргө токтолду. Анын айтымында, 2024-жылы өлкөнүн ИДПсы 1,5 триллион сомго жетип, 2015-жылга салыштырмалуу реалдуу түрдө 1,5 эсеге өстү.

Мамлекет башчысы бирликтин ички базарындагы тоскоолдуктарды жоюу, товарлардын, капиталдын, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана жумушчу күчүнүн эркин жүрүшүн камсыз кылуу, ошондой эле өнөр жай жана агроөнөр жай тармактарында биргелешкен долбоорлорду чакан экономикалуу өлкөлөрдө локализациялоо маанилүү экенин айтты.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары Кыргызстанды жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, экономикалык кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого даяр экенин билдиришти.

ЕЭК Коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев ЕАЭБ он жыл ичинде өзүнүн маанилүүлүгүн далилдегенин жана коюлган милдеттерди ишке ашырууда бардык күч-аракет жумшалаарын белгиледи.