Президент Садыр Жапаров бүгүн “Франция-Борбордук Азия” достук тобунун башчысы Эрве Морэ жетектеген Франция Республикасынын Сенатынын делегациясын кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө саясий, инвестициялык, энергетикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кыргыз-француз эки тараптуу мамилелери тууралуу пикир алмашуу болду.
Президент Садыр Жапаров парламенттер аралык байланыштарды бекемдөө, анын ичинде өз ара сапарларды, парламентарийлердин жолугушууларын уюштуруу аркылуу өлкөлөр ортосундагы саясий диалогду өнүктүрүүдө маанилүү роль ойноорун баса белгиледи.
Тараптар туризмди өнүктүрүү жаатында эки өлкөнүн кызматташтыгынын келечеги тууралуу пикир алмашты. Садыр Жапаров француз сенаторлорунун Кыргызстанга болгон сапарынын алкагында Нарын, Каракол, Жыргалаң жана Ысык-Көлгө баруу ниетин кубаттады.
Ошондой эле Садыр Жапаров Франция Сенатынын өкүлдөрүнө Кыргызстандагы ички саясий кырдаал, акыркы үч жылдагы социалдык-экономикалык жетишкендиктер тууралуу кыскача маалымат берди.
Франциянын Сенаты Кыргызстандын жетекчилигинин, анын ичинде Франция менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө багытталган аракеттерин колдоого даяр экендигин белгиледи.
Тараптар Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы мамилелерди кеңейтүү ишине өз салымын кошууга даяр экендиктерин тастыкташты.