"Эркин-Тоо"

Садыр Жапаров Германиянын президенти менен жолугушту

 Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-сентябрда, иш сапарынын алкагында Берлин шаарында Борбор Азия мамлекет башчыларынын Германиянын Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен жолугушуусуна катышты.

Жыйынды Германия Федеративдүү Республикасынын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер ачып, андан соң Борбор Азиянын бардык мамлекет башчылары сөз сүйлөштү.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин демилгеси менен бүгүнкү жолугушуунун өтүшү Германиянын Борбор Азия менен ар тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

“Германия дайыма Борбор Азия менен диалогду активдештирүүнүн демилгечиси болуп келген. Сиздердин өлкө биздин аймактын жаш мамлекеттеринин көз карандысыздыгын биринчилерден болуп тааныган. 2007-жылы Германиянын демилгеси менен Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча биринчи Стратегиясы кабыл алынган, ал биздин мындан аркы аймактар аралык кызматташуубузга негиз болгон. Бүгүнкү күндө биз стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине жетип жатабыз. Биз бул демилгени учур талабы деп эсептейбиз”, — деди Садыр Жапаров.

Президент глобалдык геосаясий өзгөрүүлөрдүн фонунда эл аралык коомчулуктун биздин регионго болгон кызыгуусу кыйла өскөнүнө көңүл бурду. Учурда Россия, Кытай, Индия, Перс булуңу өлкөлөрү менен аймактык форматта активдүү кызматташтык жүрүүдө.

“Бүгүнкү күндө Борбор Азия туруктуу экономикалык өсүшкө жана өнүгүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөргө ээ динамикалуу өнүгүп жаткан аймак болуп саналат. Ал көптөгөн пайдалуу кендердин түрлөрүнө, суу ресурстарына жана ар түрдүү энергия булактарына бай. Мунун баары саясий декларацияларды кабыл алуу менен эле чектелбестен, мазмундуу соода-экономикалык жана инвестициялык өз ара аракеттенүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүк түзөт”, — деди Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров биргелешкен күн тартибинин бардык спектри боюнча Борбор Азия жана Германия өнөктөштөрүнүн конструктивдүү жана ачык демилгелерин жактарын белгиледи.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!