Президент Садыр Жапаров Ирактын президенти Абдулатиф Жамал Рашидке көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.
“Ушул жылдын 27-сентябрында Найнава аймагындагы ресторанда орун алган чоң өрттүн натыйжасында көптөгөн адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшүп, жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетүүсүн каалайм”, — деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.
Эске салсак, Ирактын Найнава провинциясында үйлөнүү үлпөтү өтүп жаткан имаратта өрт чыгып, тойго келген жүздөгөн адамдар каза тапкан. Акыркы маалыматтарда каза тапкандардын саны 400 дөн ашуун экендиги айтылууда. Жаңы үйлөнүп жаткандар дагы көз жумгандыгын медицина кызматкерлери тастыктаган.
Той өтүп жаткан имараттагы өрттүн себеби азырынча айтыла элек, бирок адистер ичине фейерверк жандыруудан чыккан болушу мүмкүн экенин айтышууда.