"Эркин-Тоо"

Садыр Жапаров иш сапары менен Берлинге келди

Президент Садыр Жапаров бүгүн Германиянын Федералдык канцлери Олаф Шольцтун чакыруусу менен Берлин шаарына иш сапары менен келди.

Мамлекет башчысынын учагы “Берлин-Бранденрбург” эл аралык аэропортуна конду.

Эске салсак, иш сапарынын алкагында Мамлекет башчысы 29-сентябрда өтө турган “Германия – Борбордук Азия” саммитине катышат, Германиянын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, ошондой эле “Германиянын экономикасынын чыгыш комитети” герман ишкерлер ассоциациясынын мүчөлөрү менен жолугушат.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!