Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Дубай шаарына (Бириккен Араб Эмираттары) келди.
Садыр Жапаровду БАЭнин энергетика жана инфраструктура министри Сухэйл аль Мазруэй тосуп алды.
Эскерте кетсек, мамлекет башчысы БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык Конвенциясынын Тараптарынын 28-конференциясынын жогорку деңгээлдеги Сегментине катышат, ошондой эле БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык Конвенциясынын Тараптарынын 28-конференциясынын пленардык отурумунда сөз сүйлөйт.