"Эркин-Тоо"

Садыр Жапаров иш сапары менен Душанбеге учуп кетти

Президент Садыр Жапаров 14-сентябрда Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Бешинчи консультативтик жолугушуусуна катышуу үчүн Тажикстандын Душанбе шаарына учуп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Кыргызстандын расмий делегациясынын курамында:

  • Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев;
  • Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
  • Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
  • Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Эрлан Абдылдаев;
  • Энергетика министри Таалайбек Ибраев.

Сапардын алкагында Садыр Жапаров Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!