"Эркин-Тоо"

Садыр Жапаров иш сапары менен Казакстанга жөнөп кетти

Президент Садыр Жапаров 2-3-ноябрда өтө турган Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммитинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Астана шаарына (Казакстан) жөнөп кетти.

Саммиттин алкагында өлкө лидерлери уюмдун күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашат, көп тараптуу кызматташтыктын негизги багыттарын камтыган Астана актысын жана саммиттин жыйынтыктоочу декларациясын кабыл алышат.

Кыргызстандын расмий делегациясынын курамындагылар:

— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

— КР Казакстандагы элчиси Дастан Дюшекеев;

— экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев;

— өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев;

— Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары Талгат Аширбеков.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!