"Эркин-Тоо"

Садыр Жапаров иш сапары менен Орусияга барат

 Президент Садыр Жапаров Владимир Путиндин чакыруусу боюнча 20-21-февралда Орусияга иш сапары менен барат. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

«Мамлекет башчысы Казань шаарында өтө турган «Келечек Оюндары» эл аралык мультиспорттук мелдештердин расмий ачылыш аземине катышат. Бул иш-чарада 21 өзгөчө инновациялык дисциплиналар боюнча ар кыл өлкөлөрдөн келген 260тан ашык команданын жана 2000ге жакын спортчулардын жана компьютердик (кибер) спортчулардын катышуусунда фиджитал спорт, компьютердик (e-sports) спорт түрүндөгү спорттук мелдештер топтому өткөрүлөт. Чет мамлекеттердин бир катар башчыларынын, көрүнүктүү эл аралык жана коомдук ишмерлердин, ири IT компанияларынын жетекчилеринин катышуусу күтүлүүдө.

Иш-чаранын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин жана Татарстандын башчысы Рустам Миннихановдун эки тараптуу жолугушуулары өтөт.

Жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана инвестициялык чөйрөлөрдөгү маселелерди талкуулашат», — деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!