Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-майда, иш сапары менен Орусия Федерациясына жөнөп кетти.
Иш сапардын алкагында мамлекет башчысы Москва шаарында Евразия экономикалык биримдигинин юбилейлик саммитине жана Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгын белгилөө боюнча салтанаттуу иш-чараларга катышат.
Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:
-Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев;
-тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
-Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
-Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат;
-экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;
-Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев.