Президент Садыр Жапаров Владимир Путиндин чакыруусу боюнча Орусияга иш сапары менен кетти.
Мамлекет башчысы иш сапардын алкагында Казань шаарында өтүүчү «Келечек Оюндары» эл аралык мультиспорттук мелдештердин расмий ачылыш аземине катышат.
Мындан тышкары, Орусиянын президенти Владимир Путин жана Татарстандын башчысы Рустам Минниханов менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.
Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:
— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
-Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
— маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов.