"Эркин-Тоо"

Садыр Жапаров иш сапары менен Венгрияга барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын чакыруусу менен Венгриянын улуттук майрамына жана жеңил атлетика боюнча дүйнө чемпионатына карата иш-чараларга катышуу үчүн Будапешт шаарына иш сапары менен келди.

Мамлекет башчысынын учагы Будапешт шаарындагы Ференц Лист атындагы аэропортко конду.

Садыр Жапаровду Венгриянын юстиция министри Бенце Тужон тосуп алды.

Эске салсак, иш сапардын алкагында Президент Садыр Жапаров Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, башка чет элдик лидерлер менен катар башка иш-чараларга катышат.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!