"Эркин-Тоо"

Садыр Жапаров JICAнын президенти Акихико Танака менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн Японияга болгон расмий сапарынын алкагында Токио шаарында Япония Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) президенти Акихико Танака менен жолугушту.

Президент Садыр Жапаров эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы достук мамилелердин өнүгүүсүндөгү оң тенденцияны белгилеп, өлкөгө көрсөткөн көп жылдык колдоо үчүн JICAга ыраазычылык билдирди.

Садыр Жапаров кыргыз тарап менен JICA ортосундагы түзүлгөн өз ара аракеттенүүнү улантууда энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү долбоорлорду каржылоо маселелерин кароону, ошондой эле позитивдүү мультипликативдик эффект бере турган транспорт жана коммуникациялар тармагындагы ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууну изилдөөсүн сунуштады.

JICAнын президенти Акихико Танака Президент Садыр Жапаров баштаган Кыргыз Республикасынын делегация мүчөлөрүн Японияда көргөнүнө кубанычта экенин белгиледи.

JICA башчысы Япония Эл аралык кызматташтык агенттиги Кыргызстан менен өнөктөштүк мамилелерге өзгөчө көңүл бурарын жана уюм Кыргызстандагы экономиканы жана айыл чарбаны, энергетиканы өнүктүрүүгө жана туризмди, экспорттук потенциалды жогорулатууга багытталган долбоорлорго, ошондой эле Кыргызстандагы жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүүгө басым жасоого ниеттенип жатканын баса белгиледи. Буга байланыштуу Акихико Танака артыкчылыктуу багыттарда кызматташууну улантууга жана биргелешкен долбоорлорду натыйжалуу ишке ашырууга даяр экендигин тастыктады.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!