"Эркин-Тоо"

Садыр Жапаров Казакстан парламентинин сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаевди кабыл алды

DST_7666
DST_7634
DST_7623
DST_7662
DST_7558
DST_7666 DST_7634 DST_7623 DST_7662 DST_7558

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-январда, Казакстан Республикасынын парламентинин сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы саясий-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды мындан ары чыңдоо жана кеңейтүү боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы Казакстан парламентинин сенатына шайлоонун ийгиликтүү аякташы менен куттуктады.

Президент эки тараптуу кызматташуунун динамикасы абдан жогорку деңгээлде экенин жана Кыргызстан аны мындан ары да бекемдөө үчүн бардык күч-аракетин жумшап жатканын белгиледи.

Садыр Жапаров Маулен Ашимбаевдин Кыргызстанга сапары кыргыз-казак парламенттер аралык мамилелерди жаңы сапаттык деңгээлге көтөрөрүнө ишеним билдирди. Ошону менен бирге 2023-жылдын экинчи жарымында өткөрүлүшү пландалып жаткан парламенттер аралык кеңештин ишин активдештирүү жана парламенттик делегациялардын/достук топторунун өз ара иш сапарларынын практикасын кайра жандантуунун маанилүүлүгү белгиленди.

Өз кезегинде Маулен Ашимбаев мамлекет башчысына жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин жолдогон саламын айтты.

Казакстандын парламентинин сенатынын төрагасы Кыргыз Республикасы менен ар тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди

Ошону менен бирге ал эки тараптуу кызматташуудагы позитивдүү жылыштарга кеңири токтолуп, анын ичинде Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин өткөн жылы Кыргыз Республикасына расмий сапарынын алкагында кабыл алынган жана бүгүнкү күндө ийгиликтүү ишке ашырылып жаткан маанилүү макулдашууларга көңүл бурду.

Маулен Ашимбаев Кыргызстанды ЕАЭБ органдарындагы ийгиликтүү төрагалыгы жана 2023-жылы КМШга төрагалык кылуунун башталышы менен куттуктады. Казакстан өз тарабынан бардык демилгелерди ишке ашырууда кыргыз тарапка колдоо көрсөтүүгө даяр.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы кызматташтык союздаштык мамилелердин жана стратегиялык өнөктөштүктүн бекем пайдубалында мындан ары да өнүгө берерине ишеним билдиришти.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!