"Эркин-Тоо"

Садыр Жапаров Казакстандын «Достык» ордени менен сыйланды

 Президент Садыр Жапаров бүгүн Казакстанга расмий сапардын алкагында І даражадагы «Достык» ордени менен сыйланды.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго «Казакстан Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын ортосундагы эки жактуу мамилелерди бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн» жогорку сыйлык тапшырды.

Казакстандын президенти эки элдин бир туугандыгын бекемдөөдөгү Садыр Жапаровдун ролун жогору баалап, Казакстан Кыргызстан менен стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин кошумчалады. Ал эки элдин жаркын келечеги үчүн түбөлүк достук жана бузулбас бир туугандык алака мындан ары дагы бекемделе берерин белгиледи.

Садыр Жапаров, Касым-Жомарт Токаевге жана бүткүл боордош казак элине жогорку баа үчүн ыраазычылык билдирип, І даражадагы «Достык» ордени менен сыйлоо чечимин Кыргызстанга жана кыргыз элине карата өзгөчө сый-урмат катары көрөрүн белгилеп өттү.

Садыр Жапаров Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы мамилелер өнүгүүнүн жаңы доорунун босогосунда турганын ырастады. Ал бир тууган элдердин ортосундагы жакшы коңшулаштык жана түбөлүк достук байланыштарды чыңдоого багытталган көйгөйлөрдү чечүү үчүн тыгыз жана биргелешип иштөөгө даяр экендигин баса белгиледи.

Президент биргелешкен күч-аракеттердин аркасында Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы өнөктөштүк алакалар эгиз элдин кызыкчылыгында бекемделип, ырааттуу өнүгө берерине ишеним билдирди.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!