"Эркин-Тоо"

Садыр Жапаров Кореянын президенти менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров Нью-Йоркко болгон иш сапарынын алкагында Корея Республикасынын президенти Юн Сок Ёль менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Өлкө лидерлери саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун негизги аспектилери боюнча пикир алмашты.

Садыр Жапаров Корея менен кызматташтыкты чыңдоо жана өнүктүрүү – өлкөнүн тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин баса белгиледи. Кыргызстан Корея Республикасын Азия-Тынч океан аймагындагы маанилүү жана артыкчылыктуу өнөктөштөрүнүн бири катары эсептейт.

Экономикадагы «жашыл долбоорлордун» ордуна тышкы карызды реструктуризациялоо тууралуу кыргыз тараптын демилгеси тууралуу айтып, Садыр Жапаров кызматташуунун бул вариантын эки тараптуу контекстте кароону сунуштады жана Корея лидерин Кыргызстанга иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.

Кореянын президенти Юн Сок Ёль Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы акыркы убакта активдешкен эки тараптуу мамилелерди жана өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык, туристтик жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүүнү тездете турган түз аба каттамынын ачылышын өзгөчө канааттануу менен белгиледи.

Юн Сок Ёль Кыргызстанда жаңы шаарлардын курулушу, ири инвестициялык долбоорлор тууралуу кабардар экенин айтып, корей тараптын аларды ишке ашырууга катышууга даярдыгын баса белгиледи. Садыр Жапаровго Кыргызстанга келүүгө чакырганы үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкө ортосундагы саясий диалогду бекемдөөгө даяр экендигин билдирди.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!