Бишкек шаарында өтүп жаткан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын Республикалык кеңешмесинде, Президент Садыр Жапаров коррупция менен күрөшүү жаатындагы аткарылып жаткан иштерге токтолду.
“Баарыңыздарга белгилүү болгондой, жер-жерлерде коррупцияга алып келе турган шарттарды жок кылуу максатында жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларын (акимдерди) ротациялоо тажрыйбасын баштадык. Бардык жетекчилерге республикабыздын өнүгүшү, элибиздин жыргалчылыгы үчүн кан-жанын аябай иштеп берүү талабы коюлат. Эгерде кайсы бир жетекчи азыркы тапта ээлеген кызмат ордун өз кызыкчылыгын көздөп, материалдык абалын жогорулатуунун бир механизми катары көрсө, андай жетекчилерге арабыздан орун жок”, — деди Жапаров.
Учурда коррупцияга каршы күрөшүү аёсуз мүнөздө жүрүп жатканын айткан мамлекет башчысы, кечээ жакында эле УКМКнын чек ара кызматында орун алган коррупциялык схеманын бети ачылганын белгилеп, ким болбосун жоопко тартыларын эскертти. Буга байланыштуу ал Министрлер Кабинетине жетекчилердин ишмердигине комплекстүү баа берүү системасын иштеп чыгууну тапшырды.