Бүгүн, 22-августта, Бишкекте Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирүү жасады.
Мамлекет башчысы эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелердин жогорку деңгээлде өнүгүп жатканын белгиледи.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар:
-
кыргыз-казак чек арасындагы индустриалдык соода-логистикалык комплексти куруу;
-
Алматы облусунда дүң-бөлүштүрүү борборун түзүү;
-
«Алматы – Ысык-Көл» автожолун куруу
сыяктуу ири долбоорлорго өзгөчө көңүл бурушту.
Мындан тышкары, соода көлөмүн арттыруу, өткөрмө пункттарды модернизациялоо, транспорт жана коммуникациялар, суу-энергетика, маданий-гуманитардык кызматташтык багыттары талкууланды.
Жапаровдун айтымында, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө маданий жана билим берүү байланыштарын кеңейтүү, биргелешкен концерттерди, фестивалдарды жана форумдарды өткөрүү жөнүндө макулдашылды. Ошондой эле Бишкекте Чыңгыз Айтматов менен Мухтар Ауэзовго арналган «Кыргыз-казак достугунун алтын көпүрөсү» эстелигинин ачылышы өтөрү белгиленди.
Президент жыйынтыктап жатып, кыргыз менен казак элдеринин тарыхы жана келечеги бир экенин белгилеп, эки өлкөнүн ынтымагын бекемдөө ниетин билдирди.

