"Эркин-Тоо"

Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана чыгуу жөнүндө Жарлыктага кол койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө Жарлыктага кол койду.

Анын ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин үч Жарлыгы 1207 кишиге (820 — чоңдор жана 387 бала) Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө. Өлкөнүн жаңы жарандарынын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.  

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президентинин дагы бир Жарлыгы – 53 кишиге Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө (45 – чоңдор жана 8 бала). 

Жалпы арыздар — 1260 адам  (865 — чоңдор жана 395 — балдар).

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!