Кыргыз Республикасы криптовалюталарды кабыл алуу боюнча глобалдык индексте 19-орунда турат жана Борбор Азияда ишенимдүү түрдө алдыда баратат. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-октябрда, Виртуалдык активдерди жана блокчейн технологияларын өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйынында сүйлөгөн сөзүндө билдирди.
Мамлекет башчысынын айтымында, финансы системаларын санариптештирүү дүйнөлүк өнүгүүнүн негизги багыты болуп, көптөгөн мамлекеттер бул жаатта жаңы экономикалык моделдерди иштеп чыгууда.
“Кыргыз Республикасы — виртуалдык активдер жөнүндө мыйзам кабыл алып, бул тармакта ырааттуу мамлекеттик саясат жүргүзүп жаткан саналуу өлкөлөрдүн бири. Өлкөдө рынок активдүү калыптанууда, лицензияланган катышуучулардын саны өсүүдө, ченемдик база чыңдалып, инфраструктуралык демилгелер ишке ашууда”, — деди Президент.
Садыр Жапаров белгилегендей, Кыргызстанда криптоиндустрияны өнүктүрүү менен бирге коомдун санариптик сабаттуулугун арттыруу, коопсуздук стандарттарын киргизүү жана жасалма интеллект менен блокчейн технологиялары боюнча кадрларды даярдоо маанилүү.
Ошондой эле мамлекет башчысы Улуттук кеңештин ишине Binance крипто экосистемасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжаонун катышуусу өлкөгө дүйнөлүк деңгээлдеги тажрыйбаны тартууга өбөлгө болорун баса белгиледи.
“Биз билимге инвестиция салып, жаңы шарттарда иштей ала турган адистерди даярдоого тийишпиз. Инновациялар ачык-айкындуулук жана ишенимдүү инфраструктура чөйрөсүндө өнүгүшү зарыл”, — деди президент.
Мамлекет башчысы Кыргызстан виртуалдык активдер жана Web3 технологиялары боюнча аймактык хабга айланууга реалдуу мүмкүнчүлүгү бар экенин кошумчалады.
“Биз глобалдык финансы архитектурасындагы өзгөрүүлөргө ыңгайлашуу менен чектелбей, өз аймактык моделибизди түзүүгө умтулуп жатабыз. Бул жаатта өлкөнүн ийкемдүү институттук чөйрөсү, таланттуу жаштары жана экологиялык таза энергия ресурстары чоң артыкчылык берет”, — деп белгиледи Садыр Жапаров.
Жыйындын жүрүшүндө инфраструктуралык демилгелерди ишке ашыруу, пилоттук долбоорлорду баштоо жана стратегиялык координацияны күчөтүү маселелери да талкууланды.

