Президент Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпинге көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.
“Кытай Эл Республикасынын Гонконг Атайын административдик районунда болгон өрттүн кесепетинен адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.
Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп көңүл айтам жана жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин каалайм”, — деп жазылат телеграммада.
Эске салсак, Кытайдын Гонконг шаарында турак жай комплексинен өрт чыгып, 44 кишинин өмүрүн алды. Дагы 300гө жакын киши дайынсынсыз болууда. Жалпысынан өрттөнгөн көп кабаттуу турак жайда 4000ге жакын жаран жашаган.


