Бүгүн, 27-августта президент Садыр Жапаров “Кумтөр Голд Компани” ишканасында жер астынан алтын казуу долбоорунун башталышына арналган иш-чарага катышты.
Өлкө башчысы өз сөзүндө Кумтөрдүн мамлекетке кайтарылышын “Кыргызстандын жаңылануу доорундагы өзгөчө маанилүү окуя” деп атап, жаңы долбоордун башталышын мөңгүлөрдү жана айлана-чөйрөнү сактап калуудагы маанилүү кадам катары белгиледи.
Жапаровдун айтымында, буга чейин чет элдик компаниялар жана мурдагы бийлик өкүлдөрү алтынды арзан жана жеңил ыкма менен казып, мөңгүлөрдү бузуп келген. “Кумтөр мамлекетке кайтарылган күнү эле жер астынан алтын казуу долбоорун баштагыла деп тапшырма бергенмин. Бүгүн ошол долбоор ишке ашып жатат”, — деди президент.
Маалыматка ылайык, учурда 1600 метрлик тунель курулуп, курамында тоннасына 5 граммдан ашык баалуу руда бар жерлерде казуу иштери башталды. Долбоор 17 жылга эсептелип, 147 тонна алтындын запасы мамлекеттин балансына коюлду.
Президент белгилегендей, акырындык менен карьердик ыкмадан жер астынан казууга өтүү айлана-чөйрөгө зыянды азайтып, өндүрүштү узак мөөнөткө камсыз кылат.
Ошондой эле Жапаров акыркы үч жылда Кумтөрдөн түшкөн киреше социалдык долбоорлорго, турак үйлөрдү курууга, жолдорду жана мектептерди салууга, пенсия менен айлык акыларды көтөрүүгө жумшалып жатканын белгиледи.
“Өзүбүз иштеткен үч жыл ичинде мамлекет 3 млрд 445 млн доллар киреше алды. Мурда 28 жылда чет элдик компания болгону 100 млн доллар дивиденд төлөсө, биз үч эле жылда 441 млн доллар дивиденд алдык”, — деди мамлекет башчысы.
Президент ошондой эле калдыктарды кайра иштетүү аркылуу дагы жүз тоннадан ашык алтын өндүрүлөрүн, Тоголок кенин жана жаңы геологиялык чалгындоо иштерин да Кумтөргө кошуу пландалып жатканын кошумчалады.
“Кумтөрдүн келечеги алдыда. Алдыдагы 40–50 жылда элдин кызыкчылыгы үчүн иштеп, өлкө экономикасынын эң чоң таянычы бойдон калат”, — деп жыйынтыктады Жапаров.

