"Эркин-Тоо"

Садыр Жапаров: Мамлекеттик кызматкерлер талапкерлерге иштесе жазага тартабыз

«Алдыда парламенттик шайлоо келе жатат. Бул жолу элдин эркин тандоосун камсыздоого аракет кылабыз», — деди Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-октябрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында, өлкөнүн жаңы Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн ант берүүсүндө сөз сүйлөп жатып.

«Эгер кайсы бир мамлекеттик кызматкер шайлоого аралашып же кайсы бир талапкерге иштеп жүргөнү аныкталса, кызматтан алып эле тим болбостон, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы үчүн жазага тартабыз.Мамлекеттик кызматкерлер шайлоого аралашпастан, тескерисинче, шайлоону максималдуу түрдө таза, так, ачык өткөрүп берүүгө милдеттүү», — деди Президент.

Мамлекет башчысынын айтымында, алдыдагы парламенттик шайлоого көпчүлүгүк депуттатар кайрадан катышып жатат.

«Кай бириңиздер партия менен, кай бириңиздер бир мандаттуу аймакатардан. Менин сиздерден суранаарым, келиңиздер, шайлоону таза, адилеттүү жана так өткөрөлү. Талапкерлер, партиялар сиздер тараптан добуш сатып алууну токтотсоңуздар, административдик ресурсту колдонбоо жагын мен токтотуп берейин. Буга эрким да, күчүм да жетет», — деди Президент.

Садыр Жапаровдун айтымында, 21-октябрь күнү ушул темада республикалык кеңешме өтөт.

«Айыл өкмөт башчыларынан тартып, Өкмөт башчысына чейин  бардык жетекчилер катышат, чакырылгандар арасында сиздер да барсыздар. Шайлоого катышып жаткан партия башчылары дагы бар. Ошол жерде бардык мамлекеттик структуралык жетекчилерге шайлоону таза жана так өткөрүү боюнча катуу тапшырма берем.Мурдагыдай мугалим, врач, айыл өкмөт, аким жана башка мамлекеттик кызматта иштегендер кайсы бир талапкерге үгүт жүргүзүшүнө бөгөт коебуз. Түп-тамырынан андай аракеттерди кыркабыз», — деди ал.

Президенттин айтымында, мамлекеттик кызматкерлер шайлоого аралашпастан, тескерисинче, шайлоону максималдуу түрдө таза, так, ачык өткөрүп берүүгө милдеттүү.

«Ал эми элдин добушун сатып алам дегендерге жалпы элдин, таза талапкерлер менен таза партиялардын жардамы керек болот. Сатып алам дегендерди колго чабышыңар керек. Анткени эл баарын көрүп, билип турасыздар.Ошондуктан бул шайлоону таза өтүшүнө жапа тырмак жардам бериңиздер!», — деди Президент.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!