"Эркин-Тоо"

Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Баку шаарына барды

Президент Садыр Жапаров 24-апрелде мамлекеттик сапар менен Азербайжанга барды. Бакунун Гейдар Алиев атындагы эл аралык аэропортунда Кыргызстандын Президентин Азербайжандын премьер-министринин орун басары Шахин Мустафаев тосуп алды.

Баку шаарынын эл аралык аэропортунун флагштокторуна Кыргызстандын жана Азербайжандын мамлекеттик желектери илинди, килем төшөлүп, ардак кароолдун ротасы тизилди.

24-25-апрелде боло турган сапардын алкагында мамлекет башчы Садыр Жапаров Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Ошондой эле мамлекеттер аралык кеңештин экинчи жыйынын өткөрүү пландаштырылууда, анын жыйынтыгы боюнча президенттердин биргелешкен декларациясына жана соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну тереңдетүүгө багытталган бир катар макулдашууларга кол коюлат.

Мамлекет башчылары ошондой эле Хыдырлы айылындагы орто мектептин курулушуна мезгил кутусун салуу аземине катышат.