Бүгүн, 26-ноябрда, Бишкекте Президент Садыр Жапаров менен Россиянын Президенти Владимир Путиндин расмий жолугушуу аземи өттү.
Владимир Путиндин кортежи «Ынтымак Ордо» имаратына атчан аскерлердин коштоосунда келди. Эки өлкөнүн желектери көтөрүлүп, ардактуу кароол тизилди. Өлкө жетекчилери саламдашып, мамлекеттик гимндер аткарылды. Андан кийин президенттер ардактуу кароолду кыдырып, делегация мүчөлөрү менен таанышты.
Салтанаттуу аземден соң Садыр Жапаров менен Владимир Путин сүйлөшүү залына бет алышты.

