Президент Садыр Жапаров бүгүн өлкөгө иш сапары менен келген Монголиянын премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэни кабыл алды.
Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын, анын ичинде соода-экономикалык тармактагы маселелердин кеңири чөйрөсү боюнча пикир алмашуу болду.
Садыр Жапаров соода-экономикалык кызматташуу жаатында биргелешкен аракеттерди активдештирүүгө өзгөчө басым жасады. Кыргызстан менен Монголиянын алдында чет элдик инвестицияларды тартуу милдети турат. Кыргыз тарапка тоо-кен өнөр жайына жана айыл чарбасына инвестицияларды тартууда Монголиянын тажрыйбасы пайдалуу болот. Кыргызстан монгол ишканаларынын, ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрүнүн биздин өлкөдө бизнес жүргүзүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда катышуусун кубаттайт.
Монголиянын премьер-министри Садыр Жапаровго меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирип, Монголия президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун саламын айтты.
Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ мындан аркы эки тараптуу жана көп тараптуу, анын ичинде соода-экономикалык жана транспорттук-логистикалык тармактарда мамилелерди түзүүгө кызыкдар экендигин билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө ал кыргыз тараптын Кытай Эл Республикасы, Россия Федерациясы жана Монголия ортосундагы эл аралык автомобилдик каттамдарды өнүктүрүү боюнча өкмөттөр аралык макулдашууга кошулуу демилгесин да колдоду.

