Пакистанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Президент Садыр Жапаров Исламабаддагы Аэрокосмостук илим жана технологиялар улуттук паркында (NASTP) болуп, аскердик жана жогорку технологиялык жетишкендиктер менен таанышты.
NASTP — авиация, космос, IT жана киберкоопсуздук тармактарында изилдөө, долбоорлоо жана инновацияларды бириктирген платформа. Президент авиациялык техника, радиолокация жана байланыш системалары, симуляторлор, жасалма интеллект жана космос индустриясына тиешелүү иштеп чыгуулардын экспозицияларын көрдү.
Сапардын жүрүшүндө Садыр Жапаров Кытай менен Пакистан биргелешип чыгарган JF-17 Thunder аскердик учагынын мүмкүнчүлүктөрү менен таанышып, учкуч кабинасына кирип көрдү. Ошондой эле PAC MFI-17 Mushshak окуу учагы жана тик учактын окуу симулятору көрсөтүлдү.
Президент сунушталган иштеп чыгуулардын деңгээлин жогору баалап, Кыргызстан менен Пакистандын жогорку технологиялар жана инновациялар багытындагы кызматташтыгын кеңейтүүгө даяр экенин белгиледи.

