Президент Садыр Жапаров 6-сентябрда Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевди кабыл алды.
Абдикарим Алимбаев аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө багытталган Баткен облусундагы инфраструктураны жакшыртуу, социалдык объекттерди куруу, долбоорлорду ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу отчет берди.
Алимбаев 2022-жылдын 14-17-сентябрында Баткен, Лейлек райондорунда жана Баткен шаарында болгон окуялардан улам жабыркаган жарандар үчүн үйлөрдүн курулушу толугу менен аяктаганын маалымдады.
Президенттин Жарлыгынын алкагында Баткен районунун Капчыгай жана Достук айылдарынын башкы планы түзүлүп, ага ылайык бул айылдар толугу менен кайра курулган. Бүгүнкү күндө бул айылдардын ички жолдору асфальтталган, жарыктандыруу иштери жүргүзүлгөн, ичүүчү суу системасы салынган. Ошондой эле жарандык коргонуу комиссияларынын актыларына ылайык, күйүп кеткен жана капиталдык ремонтко муктаж болгон үйлөрдүн ээлерине акча каражаттары берилген, унаасынан же малынан ажырагандарга акчалай кементе төлөнгөн.
Садыр Жапаров мындан ары да Баткен облусуна мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл буруларын баса белгилеп, аймактын социалдык-экономикалык абалын, инфраструктурасын өнүктүрүү маселесине өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.