Президент Садыр Жапаров Түрк Мамлекеттер Уюмунун (ТМУ) бейформал саммитине катышты. Анын алкагында дүйнөлүк деңгээлдеги илимпоз Азиз Санжарга «Түрк дүйнөсүнүн биримдигине кошкон салымы үчүн» Алишер Навои атындагы эл аралык сыйлыгын тапшырды.
Мамлекет башчысы Азиз Санжарды жөн гана окумуштуу эмес, илим менен маданиятты байланыштырган көпүрө катары баалап, анын жетишкендиктери дүйнөдөгү миллиондогон окумуштууларды шыктандырарын белгиледи.
Профессор Азиз Санжар ДНКны калыбына келтирүү механизмдери боюнча изилдөөлөрү менен таанымал. Анын эмгектери картаюу жана рак оорусунун табиятын түшүнүүдө чоң мааниге ээ. Ал 400дөн ашык илимий макаланын, 33 китептин автору жана 2015-жылы ДНКны калыбына келтирүү боюнча изилдөөсү үчүн химия боюнча Нобель сыйлыгын алган.
Эске сала кетсек, Алишер Навои атындагы эл аралык сыйлык 2022-жылы Самаркандда өткөн ТМУ саммитинде Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев тарабынан улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовго ыйгарылган. Бул сыйлык түрк тилдүү элдердин биримдиги үчүн чоң салым кошкон инсандарга берилет.