Президент Садыр Жапаров расмий иш сапары менен Токиого келди.
«Ханеда» эл аралык аэропортунан Президент Садыр Жапаровду Япониянын тышкы иштер мамлекеттик министри Кийото Тсуджи тосуп алды.
Эскерте кетсек, сапардын алкагында Мамлекет башчысы Улуу Даражалуу Император Нарухито, Япониянын Премьер-министри Фумио Кисида, Парламенттин спикери Фукусиро Нукага, парламенттин депутаттары, ошондой эле ROTOBO – Япониянын бизнес ассоциациясы, JATA – Япониянын туроператорлор ассоциациясы, JBIC – Япониянын Эксимбанкы, JETRO – Япониянын тышкы сооданы өнүктүрүү ассоциациясы, JICA – Япония эл аралык кызматташтык агенттиги сыяктуу жана башка түзүмдөрдүн жетекчиликтери менен жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

