Президент Садыр Жапаров расмий сапар менен Австрия Республикасына барды. Венанын эл аралык аэропортунда мамлекет башчысын Австрия Республикасынын Европа жана эл аралык иштер боюнча федералдык министрлигинин протоколунун жетекчиси Максимилиан Хеннинг тосуп алды.
Расмий сапардын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Австриянын Федералдык президенти Александер Ван дер Беллен менен чакан жана кеңейтилген форматта, Федералдык Канцлер Карл Нехаммер, ошондой эле Улуттук кеңештин төрагасы Вальтер Розенкранц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландаштырылган.