"Эркин-Тоо"

Садыр Жапаров  Режеп Тайип Эрдоганды шайлоодо жеңиши менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров Режеп Тайип Эрдоганды Түркиядагы президенттик шайлоодо утуп чыгышы менен куттуктады.

«Урматтуу бир тууганым, Режеп Тайип Эрдоган! Сизди президенттик шайлоонун экинчи айлампасындагы ишенимдүү жеңишиңиз менен чын дилимден куттуктайм. Түркия эли сизге чоң ишеним артып, өлкөнү социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана жарандардын бакубат жашоосун камсыз кылуу жаатындагы багытыңызды колдоп беришти. Түркия ачык, атаандаштык жана демократиялык шайлоонун үлгүсүн көрсөттү», — деп жазган мамлекет башчы.

Ошондой эле Жапаров эки өлкө ортосундагы достук жана бир туугандык мамилелер мындан ары да стратегиялык өнөктөштүк, боордоштук деминде бекемделе берерине толук ишенерин белгилеген.

Белгилей кетсек, кечээ Түркияда президенттик шайлоонун экинчи туру өтүп, алдын ала жыйынтык боюнча Эрдоган добуштардын 52 пайызына алып утуп чыккан.

14-майдагы президенттик шайлоонун биринчи турунда эч бир талапкер 50 пайыз добуш ала албагандыктан экинчи айлампасын өткөрүү чечими кабыл алынган. Анда Эрдоган добуштардын 49,52 пайызын, атаандашы Кемал Кылычдароглу 44,88 пайызын, Синан Оган 5,17 пайызын алган. Синан экинчи турда Эрдоганды колдоону үндөгөн.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!