Президент Садыр Жапаров Сауд Арабия Падышасы Салман бин Абдель Азиз Аль Сауд менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Кыргыз Республикасы Сауд Арабиясы менен эки өлкөнүн кызыкчылыгындагы өз ара колдоо жана бири-бирине болгон ишенимдин негизинде ар тараптуу кызматташууну мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экендигин айтты.
Сауд Арабиясы Кыргызстанга оор мезгилдерде ар дайым көмөктөшүп келгендигин баса белгиледи.
Президент Садыр Жапаров эки тараптуу кызматташууну жаңы деңгээлге көтөрүү жана эки өлкө ортосундагы достук мамилелерди чыңдоо максатында Сауд Арабия Падышасы Салман бин Абдель Азиз Аль Саудду Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.
Өз кезегинде Сауд Арабия Падышасы Салман бин Абдель Азиз Аль Сауд чакырууга ыраазычылык билдирип, эки тараптуу алакалар жигердүү өнүгүп жатканын канааттануу менен белгиледи.
Ал Кыргызстан менен Сауд Арабия элдеринин кызыкчылыктарына жооп бере турган биргелешкен өз ара аракеттешүүнү улантууга даярдыгын билдирди.