Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Анкара шаарында Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы Стратегиялык кызматташуунун жогорку кеңешинин 5-жыйынында эки өлкө ортосундагы соода-экономика жаатындагы кызматташтыкка кеңири токтолду.
Мамлекет башчысы баса белгилегендей, Кыргызстан менен Түркиянын Соода-экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын жыйындары — эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык мамилелер үчүн маанилүү платформа жана активдештирүү механизми.
ПрезидентСадыр Жапаров Түркия Республикасы Кыргызстандын тышкы соода түзүмүндө өзгөчө орунду ээлей тургандыгын, эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнү 1 млрд АКШ долларына жеткирүү менен кызматташууну дагы күчөтүү зарылдыгын баса белгиледи.