"Эркин-Тоо"

Садыр Жапаров түркиялык ишкерлерди Баткен облусуна инвестиция салууга чакырды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Стамбул шаарында Түркиянын ишкерлер чөйрөсү менен жолугушуу учурунда Баткен облусуна инвестициялоону сунуштады.

Мамлекет башчысы түркиялык ишкерлерге облуска өзгөчө статус берилгендигин билдирип, бул аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү аркылуу жашоонун сапатын жогорулатууну камсыз кыларын белгиледи. Бул бизнести өнүктүрүүгө, жумуш менен камсыз кылууга жана аймактын өнүгүсүүнө мүмкүндүк берет.

Президент облустун аймагында өлкөнүн мыйзамдарында аныкталган өзгөчө жеңилдетилген (преференциалдык) салык жана инвестициялык режим иштээрин айтып, бул аймакка инвестиция салган ишкерлер салыктын төрт түрүнөн (мүлк салыгы, жер салыгы, пайда салыгы жана сатуу) бошотуларын билдирди. Бул өндүрүштүк максаттагы, пайдалуу жана муктаж болгон буюмдарды ташып келүүдө бажы алымы 0%га түшүрүлүп, киреше салыгы 10%дан 5%га түшүрүлөт дегенди билдирет.

Мамлекет башчысы Кыргызстан өндүрүштүк кызматташтыкты кеңейтүүгө , мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүүгө багытталган, эки тараптуу кызыгууну арттырган агрардык тармактагы, тоо-кен жана башка тармактардагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин айтты.

Ал түрк компаниялары жана ишкерлери Кыргызстанда болгон бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп, биздин өлкөгө кошумча наркы бар биргелешкен ишканаларга жигердүү инвестициялай алышарын жана кыргыз-түрк кызматташтыгынын болгон потенциалын толук колдоно алышарын белгиледи.

Мамлекет башчысы бул жолугушуу Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода-инвестициялык мамилелерди бекемдөөгө өбөлгө болоруна ишенимин билдирди.
Жолугушуу жүрүшүндө Түркиянын бизнес-коомчулугу инвестициялык кызматташтыкты өстүрүү жөнүндө өз көз караштары менен бөлүшүп, Кыргызстандын экономикасынын ар кыл тармактарына инвестиция салуу мүмкүнчүлүктөрүнө кызыгуу артышты.
Түркиянын ишкерлери Кыргызстан менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана кызматташууга кызыгууларын билдиришти.

Президент Садыр Жапаров менен жолугушууга Түркиянын кен казуу, курулуш, энергетика, маалыматтык технологиялар, жеңил өнөр жай, ошондой эле саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармактарындагы ири компанияларынын өкүлдөрү катышышты.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!