"Эркин-Тоо"

Садыр Жапаров Түркиянын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Түркия Республикасынын Стамбул шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммитине катышуусунун алкагында Түркиянын ири бизнесинин өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Садыр Жапаров Кыргызстанда ар кыл чөйрөдө түрк капиталы бар 300дөй компания иштеп, аларда 5000ден ашуун кыргызстандык эмгектенерин белгиледи.

Президент Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда дагы көптөгөн ийгиликтүү бизнес-долбоорлор ишке ашырыларына ишеним артып, Түркиялык ишкерлерди Кыргызстанга активдүү инвестиция салууга чакырды.

Садыр Жапаров инвесторлорду колдоо жана укуктарын коргоо боюнча чаралар, чет элдик ишкерлер үчүн жагымдуу шарттар жана алардын демилгелери менен долбоорлорун ишке ашырууга көмөктөшүү тууралуу айтты.  

Мамлекет башчысы өлкөлөр ортосундагы товар айлантуу көлөмүн көбөйтүүдө бизнеске чоң ролт артылганын, ал эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык мамилелердин башкы локомотиви экенин белгиледи.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан чоң инвестициялык потенциялга ээ болуп, Түркиялык инвесторлордун Евразиялык экономикалык биримдиктин, Кытай жана башка кошуна өлкөлөрдүн рыногуна чыгуусу үчүн «терезе» болуп бере алат жана болууга даяр.

Ал бүгүнкү иш-чара иштиктүү байланыштарды жемиштүү өнүктүрүүгө кеңири мүмкүндүктөрдү берерине ишеним артты.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө түрк компанияларынын менеджментин жана алдыңкы технологияларын,  инвестицияларды тартууга кызыгуусун билдирди.

«Биз өлкөбүзгө болгон ишенимди арттыруу менен инвесторлорду тартууга багытталган чечкиндүү чараларды көрүп жатабыз, ачык бизнес жана инвестициялык климатты түзүүгө умтулабыз. Бул Кыргыз Республикасынын маанилүү артыкчылыктуу багыттарынын бири», — деди Президент Садыр Жапаров.

Өз кезегинде Кыргыз-Түрк ишкерлер кеңешинин теңтөрагасы, Түркиянын тышкы экономикалык байланыштар боюнча Кеңешинин башкармалыгынын төрагасы Айдын Мыстачоглу жолугушууга ири түркиялык компаниялардын өкүлдөрү чогулганын билдирди.

Ал Президент Садыр Жапаровго Кыргызстанда чет өлкөлүк инвесторлор үчүн түзүлүп жаткан шарттарга ыраазычылык билдирди.

Айдын Мыстачоглунун айтымында үстүбүздөгү жылы Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы товар айлантуу 2020-жылга караганда көбөйгөн. Бирок, анын айтымында Кыргызстан менен Түркия экономикада кызматташууда чоң потенциалга ээ жана учурдагы товар айлантуунун көлөмү мүмкүн болгон деңгээлге туура келбейт.

«Биз өлкөлөрүбүздүн ортосундагы товар айлантууну жаңы деңгээлге чыгаруу ниетиндебиз», — деп ишендирди Кыргыз-Түрк ишкерлер кеңешинин теңтөрагасы, Түркиянын тышкы экономикалык байланыштар боюнча Кеңешинин башкармалыгынын төрагасы.

Президент Садыр Жапаров менен жолугушууга Түркиянын кен казуу, курулуш, энергетика, маалыматтык технологиялар, жеңил өнөр жай, ошондой эле саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармактарындагы ири компанияларынын өкүлдөрү катышышты.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!