"Эркин-Тоо"

Садыр Жапаров Токиодо «Metarise Japan» компаниясынын өкүлдөрү менен жолукту

Президент Садыр Жапаров бүгүн Японияга расмий сапарынын алкагында Токио шаарында «Metarise Japan» компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө кубаттуулугу саатына 3-5 киловатт болгон электр энергиясын иштеп чыгаруучу гравитациялык генераторду көрсөтүлүп, компаниянын ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат берилди.

Белгилегендей, «Metarise Japan» Кыргызстанда гравитациялык генераторлорду орнотуу боюнча пилоттук долбоорду баштоону пландаштырып жатат. Компания Японияда көрсөтүлгөн жабдууларды чыгарууга эксклюзивдүү патент алган жана Кыргыз Республикасындагы электр энергиясынын альтернативдүү булактары боюнча маселелерди чечүүгө салым кошууга ниеттенүүдө.

Мамлекет башчысы берилген маалыматтар менен таанышып чыгып, Кыргызстан жапон инвесторлору жана жаңы технологиялар үчүн ар дайым ачык экенин жана мамлекет энергетиканы өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурарын белгиледи.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!