"Эркин-Тоо"

Садыр Жапаров «Учкундун» ишмердүүлүгү менен таанышты

Президент Садыр Жапаров  4-декабрда, «Учкун» ААКсына барып, ишкананын өндүрүштүк ишмердүүлүгү менен таанышты.

Мамлекет башчысына чыгарылып жаткан продукциялар, тактап айтканда, жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарынын көлөмү, газета-журнал цехинин иши жана мамлекеттик маанидеги документтердин даярдалышы тууралуу маалымат берилди.

Садыр Жапаров басмакананын жетекчилиги даярдалып жаткан продукциянын сапатына, анын ичинде окуу куралдарына тийиштүү мөөнөттө чыгарууга жетишүүсүнө көңүл буруу керектигин баса белгиледи.

Ал бүгүнкү күндө «Учкун» бардык керектүү техника менен жабдылганын жана мамлекеттик маанидеги документтерди, анын ичинде паспортторду өз алдынча чыгара аларын айтты.

Садыр Жапаров көп жылдар бою тамырлап, өлкөгө миллиарддаган сомдук зыян келтирүүгө үлгүргөн  паспорттук мафияны жеңүү үчүн мамлекет эки жылдан бери иштеп жатканын белгиледи.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!