Президент Садыр Жапаров бүгүн Борбордук Азияга болгон сапарынын алкагында өлкөгө расмий сапар менен келген Улуу Британиянын тышкы иштер министри, Лорд Дэвид Кэмеронду кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-британ эки тараптуу кызматташтыгынын, анын ичинде саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык жана транспорт тармактарындагы перспективалар тууралуу пикир алмашуу болду.
Ошондой эле билим берүү жана сезондук эмгек миграциясы маселелери боюнча эки өлкөнүн өз ара аракеттенүүсүн кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү, регионалдык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу темалар талкууланды.
Улуу Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирип, ар кандай тармактарда кыргыз-британ кызматташтыгын өнүктүрүүнүн жана бекемдөөнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Президент Садыр Жапаров Дэвид Кэмерондун Кыргызстанга болгон расмий сапары Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосундагы көп тармактуу кызматташууга жаңы дем берет деген ишенимин билдирди.