Президент Садыр Жапаров Казакстандын баш калаасындагы “Астана Арена” стадионунда өткөн V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышты.
Оюндардын ачылышынын алдында Садыр Жапаровду Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев тосуп алды. Оюндардын ачылыш аземине Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Түркмөнстандын Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов, Татарстан Республикасынын башчысы Рустам Минниханов, Саха Республикасынын (Якутия) башчысы Айсен Николаев жана башкалар да катышты.
Президент Садыр Жапаров Казакстанга болгон иш сапарын аяктап, 8-сентябрдан 9-сентябрга караган түнү Бишкек шаарына кайтып келди.