Президент Садыр Жапаров бүгүн КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын жыйынына катышуу үчүн өлкөгө келген Россия Федерациясынын Федералдык жыйынынын федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенкону кабыл алды.
Мамлекет башчысы кыргыз-орус мамилелери оң динамикага ээ экенин жана жашоонун дээрлик бардык чөйрөсүн камтыганын жана эки өлкөнүн мамилеси стратегиялык жана союздаштык мүнөзгө ээ экендигин белгиледи.
Президент Орусиянын президентинин Кыргызстанга жакында болгон расмий сапары эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө маанилүү түрткү болгонун белгилеп, Владимир Путинге саламын жана каалоолорун жолдоду.
Мамлекет башчысы парламенттер аралык кызматташууга токтолуп, Валентина Матвиенконун жеке колдоосу менен парламенттик дипломатия эки жактуу өз ара аракеттенүүнүн маанилүү каналына айланганын баса белгиледи. Жетекчиликтин жана депутаттардын деңгээлинде туруктуу байланыштар сакталууда.
Валентина Матвиенко Орусиянын президенти Владимир Путиндин саламын айтты.
Валентина Матвиенко өз ара кызыкчылык туудурган бир катар чөйрөлөрдө кызматташууну мындан ары кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө кызыкдар экендигин билдирди..
Ошондой эле Валентина Матвиенко президент Садыр Жапаровго өлкөдө орус тилин колдоого алып жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн жетекчилеринин демилгеси менен Кыргызстанда 9 заманбап кыргыз-орус мектебин куруу сыяктуу ийгиликтүү долбоор ишке ашырыла турганын баса белгиледи.