Садыр Жапаров Будапешт шаарына болгон иш сапарынын алкагында Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-венгер стратегиялык өнөктөштүгүнүн актуалдуу маселелери, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуу талкууланды.
Виктор Орбан кыргыз-венгер кызматташтыгын тереңдетүү тууралуу айтып, Кыргызстан менен Венгриянын борборлорунун ортосунда түз авиакаттам ачуу зарылдыгын белгиледи.
Венгриянын премьер-министри билим берүү тармагындагы кызматташууга да көңүл буруп, Венгрияда квота боюнча алдыңкы университеттерде билим алып жаткан кыргызстандык студенттерди канааттануу менен белгиледи.
Садыр Жапаров, Кыргызстан үчүн Венгрия менен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну өнүктүрүү приоритеттүү багыт болуп саналарын белгилеп, премьер-министр Виктор Орбанды Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келип кетүүгө чакырды.