"Эркин-Тоо"

Садыр Жапаров Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Президент Садыр Жапаров 21-февралда Орусияга болгон иш сапарынын алкагында Татарстандын Казань шаарында Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Владимир Путин Садыр Жапаровду жылуу кабыл алып, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер стратегиялык өнөктөштүк жана шериктештик нугунда бардык тармактарда ийгиликтүү өнүгүп жатканын белгиледи. Владимир Путин Садыр Жапаровго Кыргызстанда орус тилин өнүктүрүүгө көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Президент Садыр Жапаров меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирип,  «Келечек оюндары» турнирин ийгиликтүү өткөрүп алууну каалады. Ал аталган мультиспорттук мелдештин өзгөчөлүгүн жана анын дүйнө жүзүндөгү спорттун ушул түрүнүн күйөрмандарынын жүрөгүн багындыруу дараметин баса белгиледи.

Садыр Жапаров Владимир Путиндин 2023-жылдын октябрь айында Кыргызстанга жасаган расмий сапарынан кийинки эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын жогорку динамикасын белгилеп, Орусияга ар дайым көрсөткөн жардамы жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кыргызстандын Президенти Россиянын өкмөттүк делегациясын Кыргызстанда 2024-жылдын күзүндө өтө турган Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган мамлекеттик деңгээлдеги салтанаттуу иш-чараларга катышууга чакырды.

Жыйынтыгында тараптар көп жактуу кыргыз-россия мамилелерин тереңдетүүгө өз ара умтулууларын ырасташты.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!