Президент Садыр Жапаров Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Президенттик Администрациянын маалыматтык кызматы кабарлады.
Телефондук сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Владимир Путин Садыр Жапаровго украиналык кризисти жөнгө салуу маселеси боюнча америкалык тарап менен болгон жакынкы дипломатиялык байланыштарынын жүрүшү жөнүндө маалымдады.
Кыргызстандын Президенти Россиянын Президентине берилген маалымат үчүн ыраазычылык билдирип, бул кризисти чечүүгө багытталган саясий-дипломатиялык аракеттерди колдой тургандыгын билдирди.
Мамлекет башчылары аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашып, эл аралык жана регионалдык бирикмелердин алкагында өз ара аракеттенүү келечегин талкуулашты.